Wikipedia баарлашуу:Жаңылыктар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Аалы Токомбаев[булагын оңдоо]

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири - Аалы Токомбаев 1904-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган. Ал көп балалуу үйдө өскөн. Жаштайында оор турмушту башынан өткөрүп, падышалык Россиянын кыргыздарга жасаган чабуулу маалында, же 1916 –жылы болуп өткөн Үркүндө эл менен кошо Кытай жергесине ата-энеси, бир туугандары менен бирге качып барган. Ачарчылык менен жокчулуктун айынан Кытай жеринде беш бир тууганынан айрылган. Коңшу чет өлкөдө кыргыздардын тарткан азап-тозоктору, өлбөй аман калуу жана ата-энесин сактоо үчүн секелек кыздардын кытайлык бай уйгурларга сатылышы – анын алгачкы чыгармаларына азык болуп берген. Ал 1917- жылы Россияда болгон революцияда Николай - экинчи падыша тагынан кулатылгандыгын Кытайда жүрүп, кыргыз жергесине боштондук келгенин угуп, андан бир жылдан соң, эптеп аман калып, эл –жерин издеген нечендеген кыргыздар менен бирге мекенине кайтып келген.

   1922- жылы Ташкендеги партиялык жогорку мектепте, андан кийин ошол эле шаардагы Орто Азия Коммунисттер Университетинде (САКУда) билим алган. Белгилүү болгондой кыргыздын биринчи гезити басылып чыкканына быйыл ушул айда токсон жыл толду. Анткени, 1924-жылы 7-ноябрда «Эркин тоо» гезити жарыкка чыккан. Ал басылманын биринчи бети Аалы Токомбаевдин « Өктөбүрдүн келген кези» деген ыры менен ачылган. Ал гезит  коллективдештирүү маалында «Кызыл Кыргызстан», кийинчерээк «Советтик Кыргызстан» деген ат менен чыгып турган. Кыргыз  Республикасы көз каранды эместигин жарыялагандан кийин «Кыргыз Туусу” деген аталышта эмдигиче жарык көрүп келатат.  Аалы Токомбаев учурунда ошол «Кызыл Кыргызстан « гезити менен  «Советтик Кыргызстан», «Чалкан» журналдарынын алгачкы редакторлорунун бири болгон. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы кызматын да аткарган. 
    Аалы Токомбаев - адабияттын бардык жанрында эсте калаарлык чыгармаларды жараткан. Акын-жазуучу, публицист, сатирик, драматург да болгон.  Анын калемине нечендеген ыр-поэмалар, повесть, роман, драмалар таандык. «Он чылык» деген сатирасында азыркы кезге дейре үрп-адатыбыз менен каада салтыбыздан жана мамиле-байланыш менен күнүмдүк турмушубуздан арылбай келаткан кол ийрисине тартмай, адилетсиздик, калыссыздык, тууганчылык,  жердешчилик, масчылык, паракорчулук сыяктуу былык-чылыктарды, этегибизден ылдый тарткан кемчиликтерибизди  сынга алган.   Ыр менен жазылган  « Кандуу жылдар» романы кийин кайра жазылып, «Таң алдында» деген ат менен басылып чыгып,  мамлекеттик Сталин атындагы сыйлыкты жеңип алган.  «Жараланган жүрөк», «Акай мерген», «Күүнүн сыры», сыйкырчы жөнүндө жомогу, «Өлбөстүн үрөнү» сыяктуу прозалык жана драмалык чыгармалары окурмандардын алкышына татыган. Чыгармалары союздагы бир нече тилдерге жана чет тилдерине которулган. Өзү Сергей Маршактын ырларын орус тилинен, Абай Кунанбаев менен Жамбул Жабаевдин чыгармаларын казак тилинен кыргызчага которгон.   

Адабият менен маданиятка сиңирген өлбөс-өчпөс эмгеги үчүн ага Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры аттуу ардактуу наамдар ыйгарылган. Бир нече жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат жана Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидат болуп шайланган. Кезегинде Аалы Токомбаевдин 1938-жылы атылып кеткен кыргыздын алгачкы агартуучусу, окумуштуу, акын жана котормочу Касым Тыныстанов жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен көз караштары ар башка болгондугун адабий тарыхчылар жазып жүрүшөт. Китеп окурмандарына «Балка» аттуу адабий ысымы менен да таанымал болгон Аалы Токомбаев – 1988-жылы Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан. Эстелиги кыргыз улуттук академиялык опера балет театрынын маңдайына коюлган. Балдарынын арасынан анын жолун улаган Улан Токомбаев орус тилинде чыгарма жазып жүрүп, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер» наамына татыды.

	Аалы Токомбаевдин  «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!»- деген ыры кыргыздын учкул сөздөрүнүн бирине айланып, эл-жерибизди коргоп, Ата-Журтубузду түптөө менен бирге аны өнүктүргөн эр-азаматтарыбыз менен  мекенибизге зор эмгек сиңирген тарыхый адамдарыбыз унутулбай эскерилип келатканы –чындык.